АБДУЛЛАЕВ Сайфулла Нурмухаммедович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДУЛЛАЕВ Сайфулла Нурмухаммедович (Нури Ахмад) (1959, Ысык-Көл обл., Пржевальск ш.) – тилчи, филология илимдеринин доктору (1993), проф. (1995). Түркология, орус тили ж-а этнология б-ча адис, Новосибирск лингвистикалык мектебинин өкүлү. Пржевальск мамлекеттик пединституту (1980), СССР ИАнын Сибирь бөлүмүнүн тарых, филология ж-а философия институтунун аспирантурасын (1984) аяктаган. Пржевальск мамлекеттик пединститутунда улук окутуучу, доцент (1985–93), К. Тыныстанов атындагы ЫМУда доцент, кафедра башчысы. Негизги илимий эмгектери түрк тилдеринин синтаксистик түзүлүшүн моделдөө ж-а уйгур тилинин синтаксистик түзүлүшүн иликтөөгө арналган.
Эмг.: «Структурно-семантические модели простого предложения в современном уйгурском языке» Б., 1992.