АБДУКАРИМОВ Мамасалы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:35, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДУКАРИМОВ Мамасалы (5. 6.1910, Ош обл., Кара-Суу р-ну, Жапалак айылы - 26. 1. 1996, Бишкек) – кыргыз жазма адабиятын баштоочулардын бири, жазуучу ж-a котормочу, Кыргыз эл жазуучусу (1995). 1924–25-ж. Ташкенттеги Казак-кыргыз институтунда билим алган. 1930-ж. Кыргыз педтехникумун бүтүргөн. Эмгек жолун республикалык «Ленинчил жаш» гезитинде жооптуу секретарь болуп иштөөдөн баштап, 1938-40-ж. анын жооптуу редактору, «Кызыл Кыргызстан» гезитинде жооптуу секретарь, редактордун орун басары, 1943–47-ж. Кыргызстан КП Ош обкомунун катчысы, 1950-57-ж. Кыргызмамбаста бөлүм башчы,1957–68-ж. «Советтик Кыргызстан»

АБДУКАРИМОВ31.png

гезитинде адабий кызматкер болуп эмгектенген. Анын «Курмушунун турмушу» аттуу алгачкы аңгемеси 1928-ж. жарык көргөн. А. «Кызыл эмгек», «Турмуш жана күрөш» (1937), «Үзүлбөгөн үмүт» (1957), «Болгар жеринде» (1960), «Эр жүрөк азаматтарды даңазалап ырдайбыз» (1986) жыйнактарынын, «Жаңырык», «Жашагым келет» романдарынын (1-китеби, 1965), биографиялык мүнөздөгү «Жол башы» (1982), «Биринчи кубаныч» документалдуу повестинин, «Эркин-Тоо» элге» (1995) аттуу тарыхый очерктин автору. Жазуучунун калеминен жаралган чыгармалардан ошол учурдун илеби, бакыт үчүн, жыргалдуу турмуш үчүн баатырларча күрөшкөн чыныгы адамдын үмүт-тилеги сезилип турат. А. 4–10-класстар үчүн «Кыргыз адабияты» окуу куралынын түзүүчүлөрүнөн. Көрүнүктүү котормочу катары да белгилүү. Ал ар түрдүү тармактагы адабияттарды, орус ж-а дүйнөлүк классиктер А. П. Чехов, М. Горький, М. Шолохов, Джон Рид ж. б-дын көркөм чыгармаларын, ондогон киносценарийлерди кыргыз тилине которгон. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Артыкбаев К. Жазуучу, журналист ж-а котормочу. «Ала-Тоо», 1960, № 9; Писатели Советского Киргизстана. Ф., 1989. Ж. Медералиева.