АБДИРАИМШАМА, Абдираим Шаматов
11:14, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АБДИРАИМШАМА to АБДИРАИМШАМА, Абдираим Шаматов) тарабынан жасалган версия
АБДИРАИМШАМА, Абдираим Шаматов (1892, Баткен обл., Лейлек р-ну – 1953, Тажик Республикасынын Хожент обл.) – жазгыч ж-а төкмө акын. Алгачкы билимди Ак-Суудагы медреседен, 1905-10-ж. Хоженттин Нов ш-ндагы мусулман мектебинен алган. 1913-ж. Хожент ш-ндагы Орус-тузем мектебин бүтүргөн. КРдин УИАнын Кол жазмалар фондунда анын 1916–29-жылга чейин жазган араб арибиндеги ыр дептери сакталып турат. А. жаңы заман орногон алгачкы жылдарда жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу аталган дептердеги ырлары окуу, тарбия иштерине арналган. Акындын эл арасына кеңири тараган санат, терме, насыят жанрындагы ырлары да арбын. Ал он эки жылдык өмүрү түрмөдө өткөнүнө, андан кийин «боштондуктагы» 8 жылдык өмүрү да тынч өтпөгөнүнө карабастан, патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан акындардын бири болгон. Б.Кебекова.