АК-БУЛАК - Түп районундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:59, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АК-БУЛАК– Ысык‑Көл обл‑нун Түп р‑ндагы кыштак. Ысык‑Көл ойдуңунун түн.-чыгышын­да, Күнгөй Ала‑Тоонун этегинде, деңиз деңг. 1740 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Ка­ракол ш‑нан 42 км, райондун борбору Түп кыш­нан 13 км түн.-батышта, Балыкчы темир жол бекетинен 174 км. 1961‑ж. отурукташкан. Кал­кы 1057 (2009). Күрмөнтү цемент ж‑а кыш з‑дцо­ру иштейт. Ал жыл сайын респ‑да өндүрүлгөн клинкердин 8,5% ин (83 миң гг), цементтин 8,0% ин (97,1 миң п) иштеп чыгарат. Орто мек­теп, бала бакча, клуб, китепкана, оорукана бар.