«АНТИКОМИНТЕРНДИК ПАКТ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:11, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АНТИКОМИНТЕРНДИК ПАКТ» – Германия м-н Япониянын ортосунда 1936-ж. 25-ноябрда Берлинде түзүлгөн келишим. Түпкү максаты болгон дүйнөлүк үстөмдүккө жетишүү үчүн жүргүзгөн күрөшүн Коминтернге каршы күрөшүү шылтоосу м-н жаап-жашырган блок болгон. Анын кошумча протоколу тараптарды Коминтерндин пайдасы үчүн өз өлкөлөрүндө ж-а чет мамлекеттерде аракет кылгандарга каршы катуу чара көрүүгө милдеттендирген. Бул алардын башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берген. 1937-ж. «Антикоминтерндик пактга» Италия, кийинчерээк Венгрия, Маньчжоу-Го марионеттик «мамлекети», Испания ж. б. мамлекеттер кирген. 1939–40-ж. «Антикоминтерндик пакт» Герма-ния, Италия ж-а Япониянын ачык согуштук союзуна айландырылган. 1941-ж. анын мөөнөтү дагы 5 жылга узартылып, ага Финляндия, Дания, Хорватия, Румыния ж. б. мамлекеттер кошулган. 2-дүйнөлүк согушта антифашисттик коалицияга кирген мамлекеттердин жеңип чыгышы «А. п-нын» жоюлушуна алып келген.