«АНТИ-ДЮРИНГ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:09, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АНТИ-ДЮРИНГ» – Ф. Энгельстин 1878-ж. чыккан «Евгений Дюринг мырзанын илимде жасаган төңкөрүшү» деген китебинин аталышы. Анда марксизмдин негизги бөлүктөрү баяндалат: диалек. ж-а тарыхый материализм; сая-сий экономия; ил. коммунизмдин теориясы, о. эле филос. табигый ж-а коомдук илимдердин маселелери чечмеленген. Эмгек марксисттик теорияны майда бурж. идеолог Дюрингдин кысымдарынан коргоо максатында жазылган. Маркс таанышып чыгып, саясий экономиянын тарыхы б-ча бөлүк жазат. Энгельс «А.-Д-дин» биринчи бөлүмүндө диалек. ж-а тарыхый матерализмдин негизин баяндайт ж-а философиянын негизги суроосуна матер, көз карашта жооп берет, материянын кыймылынын формаларына ж-а илимдин классификациясы маселелерине түшүндүрмө берет. Диалектиканын мүнөздөмөсүнө, анын негизги мыйзамдарына, диалект ж-а формалдык логиканын мамиле маселелерине көп көңүл бурулат, табият таануу илиминин проблемалары: Дарвиндин теориясы, орг. клетканын ролу ж-а жашоонун маңызы, Канттын космогониялык гипотезасы каралат. Экинчи бөлүмүндө Дюрингдин көз караштарын сындай, саясий экономиянын предметин ж-а методун аныктайт, Маркстын товар ж-а анын баасы ж-дөгү окуусун баяндайт.

                                                                       Ш. К. Алиева.