АГРЕГАТТЫК АБАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ бир эле заттын ар кандай (мис., катуу, суюк, газ ж-а плазма) түрдө болушу. Зат бир абалдан экинчисине өткөндө анын физ. касиеттери (тыгыздыгы, ички энергиясы, энтропиясы ж. б.) кескин өзгөрөт. Көпчүлүк заттар көбүнчө ‒ катуу, суюк ж-а газ абалында болушу мүмкүн. Заттын А. а-ы физ. шарттарга, негизинен басым м-н темп-рага көз каранды. Мис., суу нормалдуу басымда р=101325 Па = 760 сым.мам.мм ж-а Т=273,15 К темп-рада музга айланат. Заттын А. а-нын өзгөрүшү молекулалар ортосундагы аралыктын ж-а өз ара аракеттешүүнүн (тартылуу ж-а түртүлүү күчтөрүнүн) өзгөрүшү м-н түшүндүрүлөт. Газ молекулаларынын ортосундагы аралык өтө чоӊ, молекулалар өз ара дээрлик аракеттенишпей эркин кыймылда болуп, берилген көлөмдү толук ээлешет. Суюк ж-а катуу абалдагы заттардын молекулалары (атомдору) бири-бири м-н өтө жакын жайгашып, алардын өз ара аракетте шүүсү да өтө күчтүү болот. Ошондуктан зат катуу ж-а суюк абалда белгилүү көлөмдү ээлейт. Бирок заттын молекулалары (атому) суюк ж-а катуу абалда ар башка мүнөздөгү кыймылда болуп, алардын физ. касиеттеринин ж-а түзүлүшүнүн ар кандай болушун түшүндүрөт.