АДДИСОН ООРУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:28, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДДИСОН ООРУСУ (коло оорусу) – бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышынын эки жактуу бузулушу, анда гормондордун синтезеделиши төмөндөйт же толук токтойт. Бул ооруну англ. врач Т. Аддисон бөйрөк үстүндөгү бездин алгачкы өнөкөт жетишсиздиги катары 1855-ж. толук сыпаттаган. Эгерде бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышы патол. процесстин кесепетинен 90%ке жабыркаса, клиникалык жактан байкалат. Мурдагы учурда туберкулез А. о-нун негизги (оорунун 80% учуру) себеби болуп эсептелген. Бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышынын эки жактуу бузулушунун башка патол. процесстери (бластомикоз, амилоидоз, гистоплазмоз, гемохроматоз ж. б. ) өнөкөт жетишсиздигинин себеби болуп эсептелет. А. о. көбүнчө (50%) бөйрөк үстүндөгү бездин алгачкы же идиопатиялык атрофиясынын кесепетинен болот. Бөйрөк үстүндөгү бездин функциялык клеткаларынын даана атрофиясында лимфоиддик инфильтрация ж-а фиброза тканынын массасынын чоңоюушу байкалат. Бул учурда бөйрөк үстүндөгү бездин негизги (мозговой) катмары жабыркабайт. А.о-нда оорулуунун булчуң иши начарлайт, табити бузулат, арыктайт, териси гиперпигментацияга учурайт (оорулуулардын 90%инде, ошондон улам экинчи аталышы–коло оорусу). О. эле, артериялык гипотензия, гиперкалиемия, гипонатриемия, бир аз ацидоз ж-а азотемия ж. б. мүнөздүү. А. о. м-н жабыркагандар кортикостероиддерди, тузду (натрий хлоридин) ж-а аскорбин к-тасын такай колдонушу керек. Оорунун эрте диагнозу ж-а адекватту терапия жакшы жардам берет.