АГРОФИЗИКА
АГРОФИЗИКА, а г р о н о м и я л ы к ф и з и к а (агро... ж-а физика ) ‒ топурак ж-а өсүмдүктөгү физ. процесстер, өсүмдүк тиричилигиндеги физ. шартты жөнгө салуучу ыкманы, каражатты колдонуу ж-дөгү илим. Ал бир нече бөлүмдөн турат: топурак физикасы, абанын жерге жакын катмарынын физикасы, өсүмдүк биофизикасы, өсүмдүккө сырткы чөйрөнүн тийгизген таасирин жөнгө салуу ыкмасы жа каражаттары. А. 20-к-да калыптанган, азыркы табият таануу илимдеринин, айрыкча физика -а биофизика ж. б-дын теор. жетишкендиктеринин негизинде өнүгүүдө. Анын өнүгүшүндө орус окумуштуулары Д. Н. Прянишников, А. Г. Дояренко, Н. А. Качинский, А. Ф. Иоффе чоӊ салым киргизген. А-лык изилдөөлөрдө вегетациялык ж. б. ыкма ж-а так приборлор (өсүмдүктөгү физиол. процесстерди изилдөө, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүн аныктоо үчүн) колдонулат. Прибордун жардамы м-н өсүмдүктөгү биол. процесстер, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүнүн абалы ж. б. ж-дө маалымат алынат. Алынган маалыматтар топуракта ным сактоо, топуракта жылуулук режимин, үрөн себүү ыкмасын жакшыртуу ж. б. үчүн пайдаланылат.