АДАПТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:36, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАПТАЦИЯ (лат. adaptatio – ыңгайлануу), б и о л о г и я д а – белгилүү бир биол. түрдүн морфофизиол., жүрүш‑туруштук, популяциялык ж. б. өзгөчөлүктөрүнүн чөйрө шартына ыңгай­ланышы. Түрдүн особдорунун жашоосунун бар­дык тепкичтеринде А. калыптана берет. А. жа­шоо шартынын ар кандай өзгөрүүсүндө организм­дин тирүү калышын камсыз кылат. Жалпы ж‑a жеке А. болуп экиге бөлүнөт. А‑нын эвол. өрчүп‑өнүгүү механизмдери – биологиянын бир­ден бир борб. проблемасы. А. тукум куугучтук­тун негизинде онтогенездик өзгөрүүлөрдүн, узак убакыт тандалуунун ж‑a мутациянын натый­жасында ишке ашат да, организмдин клетка­лары м‑н ткандарынын кээ бир тиричилик ара­кеттери өзгөрүлүп, чыдамдуулугу арта баштайт. Тиричиликтин тарыхый өсүү жолунда организмдин начар клеткалары жоголуп, күчтүүлөрү өөрчүп, чөйрөгө жараша табигый өзгөрүүлөрдүн натыйжасында А. пайда болот. Жаныбардын, өсүмдүктөрдүн органдары м‑н клеткаларынын түзүлүшүндө ж‑a функциясында жашоо шартына ылайык өзгөрүүлөр дайыма болуп турат. Мис., А‑нын натыйжасында жарганаттын ал­дынкы буттары учууга, момолойдун алдынкы буттары кыска келип жер казууга, маймыл, ты­йын чычкандардын дене түзүлүшү, колу‑бутта­ры даракка чыгууга, бутактан бутакка секирип жүрүүгө ыңгайланган. Сууда жашоочу сүт эмүүчүлөрдөн киттин буттары сүзгүч канатка айлан­ган. Белгилүү өсүү шарттарга жараша өзгөрүүлөр өсүмдүккө да мүнөздүү. Көп өсүмдүктөрдүн гүлү курт‑кумурска ж‑a канаттуулардын кээ бир түр­лөрү аркылуу чаңдашууга ыңгайланган. Туздуу, кумдуу, чополуу, таштуу жерлерде өскөн өсүм­дүктө ар кандай морфол., физиол., анат. ж‑а биохим. өзгөрүүлөр болот. 19‑к‑дын 2‑жарымын­да Ч. Дарвин эвол. теорияны ачкандан баштап, А. организмдеги туруктуу процесс болбостон, орг. эволюциянын үч фактору – өзгөргучтук, тукум куугучтук ж‑а табигый тандалуунун натыйжасында пайда болуп өнүккөн процесс катары каралат. Ад.: Жученко А. А. Адаптивный потенциал культурных растений. Кишинев, Штиинца, 1988; Актуальные проблемы биологической науки, М., 1984.