АВЛЕТИМ (кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:44, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АВЛЕТИМ, А ф л а т у н – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-ндагы кыштак. Авлетим айыл аймагынын борбору. Ит-Агар суусунун боюнда, Бозбу-Тоонун түн.-чыгыш этегинде, деңиз деңг. 1110 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 24 км түн.-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 90 км. 1022-ж. отурукташкан. Калкы 2102 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында, токойчулукта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, оорукана, токой чарбасынын кеңсеси бар. Эки мончо, 4 тегирмен, май сыгуучу ж-а жыгаччылык цехи, 2 ашкана, базар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.