АВИАЦИЯ СПОРТУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:09, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АВИАЦИЯ СПОРТУ — спорттун авиац. түрлөрүнүн жалпы аты. Ага авиамодель спорту, парашют спорту, планер спорту кирет. Эл аралык авиация федерациясы 1905-ж. түзүлгөн. А. с. Кыргызстанда 1934-ж. уюшулган. Бишкектеги авиац. клубда көп сандаган атактуу учкучтар (алардын катарында эки жолку Сов. Союз. Баатыры Т. Бегельдинов ж. б.) тарбияланган. Азыр респ-да А. с-нун көптөгөн чеберлери бар,а. и. И. Иванников – авиамоделизм б-ча дүйнөнүн рекордсмени.