АБА ЫРАЙЫ БОЮНЧА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:06, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АБА ЫРАЙЫ БОЮРЧА ЬҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ – тез байланыштыруучу каналдар м-н туташтырылган дүйнөлүк ж-а аймактык (улуттук) метеорол. борбордон туруучу система. Анын максаты – улуттук метеорол. кызматтын ишин жеңилдетүү ж-а жакшыртуу үчүн бүт жер шарындагы аба ырайы ж-дө маалыматтарды топтоо ж-а аларды аныктоону борборлоштуруу. Борбордо материал. топтоо ж-а аныктоо жумуштары автоматташтырылган түрдө жүргүзүлүп, жерг. метеорол. кызматтар үчүн даяр карталарды, күндөлүк ж-а боло турган аба ырайы, океандын абалы ж-дөгү маалыматтарды таратып турат.