АБЕРДИН-АНГУС УЮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:29, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБЕРДИН - АНГУС УЮУ - ири мүйүздүү малдын эт багытындагы породасы. Шотландиянын катаал климаттуу тоолуу р-нундагы Абердин графтыгынын кара токол уйу ж-а Ангус графтыгынын күрөн уйун аргандаштыруудан алынган. Эти өтө даамдуу, чыктуу, тез жетилет, абдан тукумчул, тукум куугучутугу туруктуу ж-а чөйрөгө жакшы ынгайланышына жараша бул порода дүйнөдө таралышы б-ча экинчи орунда. Ал Түн. ж-а Түш. Америка, Океания, Европада багылат. КМШ өлкөлөрүнө 1932-ж. Англиядан алынып келинген. Калмак уюу, о.эле сүт, эт-сүт багытындагы уйлар м-н аргындаштырууда пайдаланылган. Уй токол, кара (кээде кызыл-күрөң) түстө. Букасынын бийиктиги өркөчүнөн 125-130 см, уйу 120-125 см. Букасынын тирүүлөй салмагы 750-800 кг, уйу 500-550 кг. Жаңы туулган музоосунун салмагы 28-30 кг. Бордолгон 14-15 айлык торпогунун тирүүлөй салмагы 400-450 кг, союлганда 58-60% эт алынат. АКШда А.-а. у-нун боюу бийик тиби чыгарылгын. Анын өркөчүнөн бийиктиги 145-147 см, тирүүлөй салмагы 1000 кгга жетет. КМШ өлкөрүндө асыл тукум чарбаларында малды агындаштырууда пайдаланылат.