АБЛАКТИРОВКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:22, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБЛАКТИРОВКА (лат. ablacto - баланы эмчектен чыгарам) – өсүмдүктүн бутагын кеспей, ийип кыйыштыруу жолу. Жанаша өскөн эки өсүмдүктүн бутагын бирдей өлчөмдө жонуп, жонгон жерди тийиштирип бекем байлайт. Кыйыштыруу үчүн жонулган үстүнкү бутакта бүчүр болуш керек. Кыйыштырылган жер толук бүтүп, бир жыл өткөндөн кийин калтырылган бүчүрдөн жаңы өркүн пайда болот. Мына ошондон кийин гана кыйыштырылган жерден өйдөрөктөн бутак кесилет. А. көбүнчө мөмө бакты, кооз даракты ж-а жүзүмдү, бадалдарды түргө келтирип кыйыштырууда пайдаланылат.