«АЖАР» повести

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:50, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЖАР» – кыргыз прозасындагы туңгуч по­весттердин бири; автору К. Баялинов. Повесть 1928‑ж. жарык көргөн. Башкы каарманы Ажар аттуу жөнөкөй кыргыз кызы. Өткөн кылымдын 20-­жылдарында татар, казак, өзбек адабияттарынын таасири астында жаңыдан калыптана баштаган кыргыз жазма адабиятындагы негизги темалардын бири болгон кыз-келиндердин социал. жактан тең­сиз турмушу чагылдырылат. Башкы тема – кара күчкө каршы куралдуу айбат көрсөтөм деп бөөдө кыргынга учурап, өз жеринен, тынч турмушу­нан ажыраган, бөтөн эл, бөтөн жерде катуу жапа чеккен кыргыз элинин трагедиясы, б. а. 1916­-жылдагы Улуу үркүндүн кейиштүү сүрөтү тар­тылат. Ажардын карышкырларга таланып өлүшү азаптуу замандын ага көрсөткөн жазасы эле. Ал кезде кыргыз эли дуушар болгон гено­циддин (орус падышасынын тукум-курут кылуу саясатынын) эбегейсиз трагедиялуу окуялары көрсөтүлгөндүгү, нукура турмуштан алынган каармандардын кайгылуу тагдырлары, азаптан күйгөн сезимдери жөнөкөй жана жасалмасыз баяндалып берилгендиги менен айырмаланат. Повесть англис, немец, француз, испан жана орус тилдерине которулган. И. Жумабаев.