АДАМ УКУКТАРЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ГАРАНТИЯЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:21, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – адамдын негизги укуктарын ж‑a эркиндиктерин коргоонун каражаты катары конституцияда белгиленген процессуал­дык укуктардын жыйындысы. Буларга укук­тарды ж‑a эркиндиктерди сот аркылуу коргоо мүмкүнчүлүктөрү; мамл. органдардын же алар­дын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери­нен же аракетсиздигинен келтирилген зыянды мамлекеттин эсебинен өндүрүп алуу укуктуулу­гу, эгер коргоонун мамл. ички каражаттары бүт колдонулса, бирок натыйжасыз болсо, адам укуктарын ж‑a эркиндиктерин коргоо б‑ча эл аралык органдарга кайрылуу мүмкүнчүлүктөрү; көз карандысыз ж‑a бейтарап калыс сот, о. эле адам укуктарын коргоо Конституцияда каралган мыйзам м‑н белгиленген Омбудсмен – Акый­катчы; адам укуктарын ж‑a эркиндиктерин чектөөгө жол берген негиздерди ж‑a чектерди белгилеген эрежелер кирет.	
М. Керимбаев.