АВТОХОРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:24, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Dilde moved page АВТОХ ОРИЯ to АВТОХОРИЯ) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(авто... ж-а гр. choreo - тарап жатам) ‒ өсүмдүк мөмөсү м-н уругунун сырткы таасирдин жардамысыз эле өзүнөн-өзү таралышы. Бышып жетилген мөмөлөр күч м-н чарт жарылып ачылганда уруктары 1 мден 5 мге чейин (механохория) чачылат ж-а салмагын көтөрө албай жерге үзүлүп түшкөн мөмөлөр аркылуу таралат (барохория). Механохория ашкабак сымалдарга, чанактууларга ж. б. мүнөздүү.