АВИТАМИНОЗ
Jump to navigation
Jump to search
(а... ж-а витаминдер), витамин жетишсиздиги– организмге (адам ж-а жаныбарлардын) керектүү витаминдердин жетишсиздигинен пайда болгон оорулар же ылаңдар. А д а м д ы н А-уна тамак-ашта витаминдин жетишсиздиги, анын начар сиңиши, ичеги-карын микроорганизмдеринин витаминдерди аз синтездеши бул ооруга түрткү болот. Ага бир жактуу тамактануу (рафинделген, кургатылган ж-а консерваланган азыктар м-н), тамак-ашта углевод көп болуп, белоктуу ж-а майлуу эт азыктары, жашылча-жемиштер жок болсо, о. эле азык-түлүк туура эмес сакталганда ж-а алар туура эмес бышырылганда витаминдин жоголушу – А-дун негизги себептери. Бир нече витаминдин жетишсиздиги – полиавитаминоз көбүрөөк учурайт, ал эми витаминдин биринин жетишсиздиги гиповитаминозго алып келет. С витамини жетишпегенде адам адегенде шалдырап, алы кетет, бат чарчайт, уйку басып талыкшыйт, баш айланат (жазга жуук). Андан кийин эрин, кулак, мурун, тырмак көгөрүп, бүйлө канайт, тиш бошоп, түшө баштайт. Ашынып кетсе цинга (кара жама) оорусуна алып келет. РР витамини жетишпегенде пеллагра оорусу пайда болот. Уйку качып, көңүл чөгөт, эрини кургап, купкуу тартып, тил кызарып, кеберсип, шишимик тартат; ич өтөт, булчуңдар ооруйт, жаз-күз териде мала кызгылт так пайда болуп, калындап, киргилт күрөң түскө өтөт, сыйрылат. Пиридоксин (В6 витамини) жетишпегенде тамакка табит тартпайт, жүрөк айланат, ичеги-карындын иштеши бузулат. А витамини жетишпегенде караңгыда, күүгүмдө көрүү начарлайт, жарыкты карай албай, тери бозоруп, кургап түлөйт, безетки, ириңдүү жара көп чыгат, чач кургап, өңү өчөт, көз чели сезгенет. В2 витамини жетишпегенде тамакка табит начарлап, тери какачтанып түлөйт, ооздун кычыгы жараланат, көз кычышып, жаш агат. В1 витамини жетишпегенде тамак ичкиси келбей, кускусу келет, ич катат, арыктайт, булчуң алсызданат, кол-буттун сезгичтиги азаят, кыймылдаганда жүрөк тез-тез кагат, акырында бери-бери оорусуна алып келет. Д витамини жетишпеген де балдар алсыз, терчил, чыр болот, тиши кеч чыгат (к. Итий). Чоң кишилер шалдырап, тез чарчайт, тиши карарып бузулат, жамбаш сөөктөрү ж-а булчундары ооруйт.
А. м а л д а – ылаң организмде витаминдердин мүчүлүштүгүнөн чыкса –гиповитаминоз, бир гана түрдүү витамин жетишпесе – моноавитаминоз, бир нече түрү кемчил болсо, полиавитаминоз деп аталат. А-авитаминоз (май ичме) жем, чөптө каротин затынын кемчилинен же жоктугунан пайда болот. Ылаңдаган малдын көзүнөн ириң куюлуп, чарасы бөксөрүп, кечке жуук көрбөй калат. Ылаңга чалдыккан музоо, кулун, козу, улак ж. б-лар бою өспөй, бүрүшүп, баса албай, ичи өтүп, арыктайт. В-авитаминоз – «В» тобундагы витаминдердин организмде жетишсиздигинен чыккан ылаң. Аны м-н чочко, ит ж-а куштар ыландайт. РР-авитаминоз – торопойдун, күчүктүн ж-а жөжөнүн ылаңы. Мында тери, ичеги-карын ж-а нерв системаларына доо кетет. С-авитаминоз (скорбут, цинга) м-н көбүнчө чочко, ит, илбээсин, анда санда жылкы ьландайт. Д-авитаминоз (итий) организмде Д витамининин жетишсиздигинен чыккан өнөкөт ылаң.Е-авитаминоз – рациондо Е витамининин кем же жоктугунан чыгуучу ылаң. Бул ылаңдын кесепетинен ургаачы мал кысыр калып, эркек мал тукум бербей калат. А-дон сактоонун негизги эрежеси – малды рацион б-ча аш болумдуу заттары мол, витаминдери жетиштүү ар кыл тоют м-н багып, жайытты зоотехникалык эрежелер б-ча пайдалануу ж-а короо-сарайларды зоогигиеналык талаптарга ылайык кармоо.