АБДУЛАЕВ Курманкул
Jump to navigation
Jump to search
(1918, Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Бөрү-Баш кыш.) - механизатор,Соц. Эмг. Баатыры (1957).1931-жылдан Түп р-нундагы «Маяк» совхозунун жумушчусу, 1937-жылдан комбайнчы. Ал жыл сайын өндүрүштө мыкты көрсөткүчтөргө ээ болуп, түшүм жыйноодо зор ийгиликтерге жетишкен. 1956-ж. 520 га аянттагы эгинди чаап, 11565 ц дан бастырган. 1959-63-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени м-н сыйланган.