ААРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:23, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (Apoidea) – жаргак канаттуулар түркүмүнүн чоң тукуму. Денеси түктүү, уз. 15 ммден 5 смге чейин, көпчүлүгүнүкү 1-1,5 см. Анын ооз органдары кемирүүгө, узун тумшугу гүл ширесин жыйноого ылайыктанган. 30 миңге жакын түрү белгилүү, көпчүлүгү тропик ж-a субтропик өлкөлөрдө кеңири таралган. Алар уюкташып жашоочу, жалгыздан жашоочу ж-a бөлөк (көбүнчө сары) А-нын уюгуна тукумдоочу «күкүк» аарылар болуп бөлүнөт. Кыргызстанда кездешүүчү уюкташып (топтошуп) жашоочуларга шимикчи, жапайы ж-a бал аарысы кирет. Топтошуп жашоочулар тукум берүүчү ургаачы, тукумсуз жумушчу ургаачы А-лардан турат. Эркеги күзүндө уюкка келип, ургаачысы м-н урукташкандан кийин өлөт. Уюкта ургаачылары (эне ж-a жумушчулары) гана кыштайт. Уюкташып жашоочулар дарак көндөйүнө, таш коңулуна, жар же там кычыгына уя салат, өсүмдүк ширесин, чаңчасын чогултуп кышка камдайт. Уюкта 100 миңге чейин особдор жашайт. Жалгыздан жашоочу  А-лардын түрү дүйнө жүзүндө өтө көп. Уруктанган ургаачысы жерге уя казат же даяр көңдөйлөрдү пайдаланат. Уюк бир нече уячадан турат,
Жумушчу аары	; Ургаачысы	; Эркеги  

аны чаңча ж-а иштетилген өсүмдүк ширеси м-н толтурат. Ар бир уячага бирден жумуртка тууп, анын оозун жапкандан кийин жаңы уя салганга киришет. А-нын көпчүлүгү О. Азияда, асыресе Кыргызстанда да кездешип, өсүмдүктөрдү чаңдаштырууда зор мааниге ээ, к. Бал аарысы.