АГАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (фр. аgate, лат. achates ‒ Сицилия а-ндагы байыркы Ахатес д-нын атынан) ‒ минерал, халцедондун бир түрү. Катталышкан түрдүү түстөгү жука (10 мкмге чейин) жикчелер ден тургандыктан, ар кандай өӊдө кубулжуп
АГАТ4.png

көрүнөт. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 6,0‒6,5. Жикчелердеги түстөрдүн айкалышына жараша о н и к с (ак м-н кара), к а р н е о л о н и к с (кызыл м-н ак), с а р д о- н и к с (кызгылт күрөӊ м-н ак), а г а т (көгүлтүр боз м-н ак) деп аталат. Жанартоо тектеринин көӊдөйчөлөрү м-н жаракаларында пайда болот. Кооздук ж-а асылташ катары, о. эле тех. аспаптарды даярдоодо колдонулат.