АГАРТУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ калктын сабатсыздыгын жоюу, билим берүү, маданий-рухий жактан маалымат деӊгээлин жогорулатуу. Мындай А. иштери калктын калыӊ катмарын камтыйт да, мектептерди, маданий мекемелерди куруу м-н бекемделет. А. иши Кырг-нда 1917-ж. Октябрь рев-ясынан мурда диний ж-а туземдик мектептерде жүргүзүлүп келсе, кийин «боз үй», «кызыл үй» ж-а «ликбез» мектептери, атайын курстар аркылуу улантылган. 1930-жылдан кийин А. ил. негизде уюштурулуп, кеӊири кулач жайган. Анын ишин өркүндөтүүдө мад-т мекемелери: клуб, китепкана, музей ж. б. чоӊ роль ойнойт. Алар элди рухий жактан азыктандырууга, замандын рухунда тарбиялоого жардам берет. Өлкөдөгү билим берүүнүн жерг. ж-а респ. бардык тармактары калкка билим берүү ж-а илимдин улам жаӊы жетишкендигин жайылтуу кызматын аткарат. Айрыкча, ад-т ж-а иск-во тармагынын агартуучулук ролу өтө зор.

И. Бекбоев.