БЕКБОЕВ Аскарбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Илим ж-а техника жаатындагы Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1989), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2009). 1978–79-ж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиосунда кабарчы, 1980–93-ж. КР УИАнын Философия жана укук ин-тунда кенже ил. кызматкер, аспирант, улук ил. кызматкер, окумуштуу катчы, докторант, 1994–2002-ж. К. Карасаев атн. БГУда окутуучу, доцент, профессор, окуу иштери б-ча 1-проректор, 2002–05-ж. И. Арабаев атн. КМПУда кафедра башчысы, 2005–10-ж. И. Арабаев атн. КМПУда ректор, ошол эле мезгилде  ЮНЕСКО иштери б-ча КР Улуттук комиссиясынын курамында илим б-ча комиссиянын төрагасынын орун басары (2006–2010), 2010–12-ж. КР Өкмөтүнүн Аппаратында билим берүү ж-а мад-т бөлүмүнүн башчысы, 2012-жылдан бөлүм башчынын орун басары – КР Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык ж-а гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүндө билим берүү ж-а илим секторунун башчысы, КР Профсоюздар федерациясынын төрагасынын кеңешчиси, КР Профсоюздар федерациясына караштуу Эмгек ж-а социалдык мамилелер академиясынын ректору, "Академиялык альманах" журналынын башкы редактору. 150дөн ашык ил. ж-а ил. популярдык статьянын, 15 монографиянын, 12 окуу-методикалык эмгектин автору. Эмгектери негизинен диалектикалык логиканын негизг формаларын, зарылдык ж-а кокустук категорияларынын тарыхый философиялык эволюциясын изилдөөгө багытталган. «Данк» ж. б. медалдар м-н сыйланган.