БЕЙСЕБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022_2vol>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Рахат Сансызбаевич (3. 1. 1975-ж.т., азыркы Бишкек ш.) –  тарыхчы, тарых илимд. доктору (2020). БГУну (2001), Россия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу ин-тутунун Санкт-Петербургдагы филиалынын аспирантурасын (2008) бүткөн.  2001–02-ж. Москва р-дук мамл. администрациясында бөлүмдүн жетектөөчү адиси, 2009–16-ж. КРСУда кафедранын доценти,  2011–18-ж. К. Карасаев атн. БГУнун Славян таануу ф-тетинде Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) эл аралык тармактар ун-тетинин эл аралык жалпы билим берүү программалары бөлүмүнүн башчысы,  2011–13-ж. Вестминстер ун-тетинин Эл аралык мамилелер ф-тетинде (Лондон, Улуу Британия) ил. стажёр, 2013–17-ж. К. Карасаев атн. БГУнун Чыгыш таануу ж-а эл аралык мамилелер ф-тетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы, 2017–20-ж. К. Карасаев атн. БГУда Кыргыз-кытай ф-тетинин деканы, 2020-жылдан эл аралык мамилелер кафедрасынын профессору. Эл аралык менеджмент ин-тунда стажёр (Дели, Индия) (2014), «Ednet» билим берүү тармагында сапатын камсыздоо агенттигинин аккредитациялоо б-ча эксперти (2014), КРдин Билим берүү ж-а илим министрлигинин аккредитация ж-а лицензиялоо б-ча эксперти (2018).  BILIM-STANDARD көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин эксперти (2019).