“КАПИТАЛ”

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022_2vol>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 К. Маркстын эң негизки залкар эмгеги. “К-ды” жазууда ал өзүнөн мурунку улуу экономисттердин эмгектерин окуп чыгып, аларга карата өзүнүн сын-пикирлерин айткан ж-а, ошону м-н катар капиталдын өнүгүшүнүн экон.  закондорун, коомдо үстөмдүк кылып турган мамлекеттин саясатынын принциптерин, жоболорун, капитализмдин рыноктук экономикасынын маани-маңызын ж-а негиздерин кылдат изилдеп чыгып, каитализмдин кемчиликтерин ж-а мүчүлүштүктөрүн тапкан, о. эле ал системанын принциптерин ж-а өнүгүү  жолдорун негиздеген. К. Маркс “К-ды” жаратууда  40  жылдан ашык убактысын зарптаган (1843–83). 
К. Маркстын экон. теориасындагы эң эор ачылыш – кошумча нарк ж-дө теориясы, ал “К-дын” тунгуч варианты “Саясий экономикага сын” деген эмгегинде баяндалган. К, Маркс капиталистик эзүүнүн механизмдерин ачып ашкерелеп, анын өндүрүш ыкмасынын ички законуна ылайык нарк законунан чыгуучу, жумушчу табы түзгөн кошумча наркты капиталисттердин ээлеп аларын көргөзгөн. Ошону м-н катар өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү мурдагы коомдук экон. формациаларга салыштырганда жогору экендиги ж-дө тыянак чыгарган. Нарк теориасы м-н акча теориясын камтыган “Саясий экономикага сын” эмгегинде, о. эле тарыхты матриалисттик көз карашта түшүнүү тууралуу өзүнүн классикалык аныктамасын берген.
К. Маркстын 50-жылдардагы экон. изилдөөсү 1857–60-жылдагы даярдалган “алты китеп планы” негизинде жүргүзүлөт (“Капитал жөнүндө”, “Жер менчиги”, “Жалданма эмгек”, “Мамлекет”, “Тышкы соода”, ” Дүйнөлүк рынок”). 1866-ж. К. Маркс “К-дын” 1-томун басмага даярдоого киришип, ал 1867-ж. жарык көрөт. Бул китебинде мурдагы изилдөөлөрүнүн негизинде капит. өндүрүштү иликтеп, товарды, о. эле товарды түзүүчү эмгектин эки жактуулугун талдайт. Мындан тышкары жумушчу табынын экон. күрөшүнүн тарыхына байкоо жүргүзүп, анын келип чыгышындагы карама-каршы тенденцияларды ачкан. Эмгек акы категориясынын эки формасын бардык жактан кеңири талдаган. Кийинки жылдары К. Маркс “К-дын” 2- ж-а 3-томдорунун кол жазмаларын карап чыгып бирок аларды басмага даярдоого үлгүрбөй калган. К. Маркс дүйнөдөн кайкандан кийин Ф. Энгельс “К-дын” 2- ж-а 3-томдорун басмага даядап чыгаруу үчүн чоң эмгек жумшаган. 1885-ж. ал 2-томун, 1995-ж. 3-томун жарыкка чыгарган. 1954–61-ж. КПСС БКнын Марксизм-лениниэм ин-ту тарабынан даярдалып “Кошумча нарк теориасынын” биринчи нускасы “К-дын” 4-тому болуп саналат.
Ж. Арзыкулов.