ЖУМАБЕКОВА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Турдукан Абдыкариевна(11.11. 1965-ж., Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Бел-Алды айылы) – юрист. КМУну (1989), КР ТИМдин Дипломатиялык Академиясын (2008), андан кийин КР Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын магистратурасын бүткөн. 1982-84-ж. Кыргыз ССР ИИМде улук инспектор, 1989 -92-ж.  Кара-Балта шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы, 1992-98-ж.  Сокулук р-ндук прокуратурасында тергөөчү, 1998-жылдан  И. Арабаев атн.  КМПУда, КМЮАда, Кыргыз-Казак мамлекеттик кызмат ж-а укук академиясында улук окутуучу, Ж. Баласагын атн. КМУда профессордун милдетин аткаруучу.  100дөн ашуун окуу-методикалык эмгектин (а. и. 60 монография) автору. КР ЖКнын IV чакырылышынын депутаты (2007-10). КР Президентинин, КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, КР ИИМдин «Ардак» медалы,  «Улуу Петр» ордени м-н сыйланган. 

Эмг.: «Заключение под стражу и содержание под стражей: состояние, проблемы, перспективы», 2005; «История становления и развития заключения под стражу как вида меры пресечения в уголовном судопроизводстве», 2008; «Кыргыз Республикасынын адам укуктарынын камсыз кылуунун мамлекеттик укуктук механизми», 2014.