ИУДЕЙ ПАДЫШАЛЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
, И у д е я, Й е г у д а (евр.) – Түш.  Палестинадагы  байыркы мамлекет. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын 1-жарымына таандык. Еврейлердин Иуддар уруусунан улам И. деп аталган. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягында Иуддар уруусу Палестинанын аймагына көчүп келип отурукташкан. Б. з. ч. 10-к-дын аягында Давид ж-а Соломон башкарган бирдиктүү еврей падышалыгы кулагандан кийин  И. падышалыгы (борбору Иерусалим) түзүлгөн. Б. з. ч. 586-ж. Жаңы Вавилон мамлекети тарабынан Иерусалим храмы ж-а Иерусалим шаары (башка хронология б-ча 587-жылы) талкаланган. И. падышалыгы ж-дө алгачкы эскерүү 9-к-дын аягында Тель-Дандан табылган. И. падышалыгынын гүлдөгөн мезгили Езекия падышанын мезгилине (болжол м-н 727–698) туура келет. Б.з. ч. 6-к-дын аягында Вавилон падышасы Навуходоносора II Иерусалимди тартып алып, калктын күчү м-н Вавилонияга көчүргөн.