ДАЛАДЬЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Эдуард (18. 6. 1884, Карпантра – 10. 10. 1970, Париж) – француздук саясий ж-а мамлекеттик ишмер. Наабайчынын үй-бүлөсүндө туулган. Лион университетинен тарыхый билим алган. 1-дүйнөлүк согушка катышкан. 1919-ж. Республикалык радикалдар ж-а радикал-социалисттер партиясынан (РПРРС) депутаттар палатасына шайланып, анын төрагасы 1927–31, 1935–38, 1957–58. 1924–40-жылдары бир нече жолу өкмөттүн мүчөсү болгон. Янв. – окт. 1933, янв. – февр. 1934, апр. 1938 – март 1940-ж-дары Министрлер кабинетинин төрагасы,  РПРРСти жетектеген. Ал Элдик фронтко катышып, 1936-жылдагы парламенттик шайлоодо анын жеңишине салым кошкон. Фашисттик Германияны тынчтандыруу саясатын жүргүзүп, 1938-жылдагы Мюнхен келишимине кол койгон. 1939-ж. 3-сентябрда Даладье өкмөтү Германияга согуш жарыялаган, бирок «таң калыштуу согуш» 1940-ж. жайында Франциянын жеңилиши м-н аяктаган. 1940-ж. «Виши» өкмөтү тарабынан интернге алынып, 1942-ж. сот жообуна тартылып, андан кийин Германияга сүргүнгө айдалган. 1946–58-ж-дары Улуттук чогулушка мүчө. 1947–54-ж-дары Солчул республикачылар бирикмесин жетектеген. Индокытайдагы Франциянын колониялык согушуна (1945–54) ж-а Европалык Коргоо коомчулугун түзүүгө каршы болгон. 1958-ж. Бешинчи республика түзүлгөндөн кийин, ал саясий иштерге катышуудан баш тарткан.