ГРЕЧКО
Jump to navigation
Jump to search
Андрей Антонович [4 (17). 10. 1903, Голодаевка кыштагы, Таганрог округу, Дон Армиясы обл., Россия империясы (азыркы Ростов обл., Куйбышев р-ну, Куйбышево айылы) – 26. 4. 1976, Москва] – советтик аскер, мамлекеттик ж-а партиялык ишмер. Советтер Союзунун Маршалы (1955), Советтер Союзунун эки жолку Баатыры (1. 2. 1958 ж-а 16. 10. 1973), Чехословакиянын Баатыры. Улуту украинец. 1919-ж. өз ыктыяры м-н Жумушчу-Дыйкандар Кызыл Армиясында кызмат өтөгөн. Ал Жарандык согуш салгылашууларына катышып, Түш. ж-а Кавказ фронтторунда 1-Атчандар армиясынын 11-кавалериялык дивизиясында Кызыл Армиянын жоокери, Таганрогдогу ЧОН батальонунун жоокери, М. В. Кривошлыковдун буйругу м-н революциялык казак отрядынын жоокери болгон. Украинада анархисттик түзүлүштөрдү жоюуга, Түн. Кавказдагы улутчул кыймылдарды талкалоого, Түш. фронттогу генералдар А. И. Деникин ж-а П. Н. Врангелдин аскерлерине каршы согуш аракеттерине активдүү катышкан. Атчан аскер мектебин (1926), М. В. Фрунзе атн. Аскер академиясын (1936), Башкы штабдын Аскер академиясын (1941) бүтүргөн. 1938-жылдын май айынан 62-кавалериялык полктун командири, 1938-жылдын октябрынан Беларуссиянын атайын аскер округунун атайын кавалериялык дивизиясынын штаб башчысы болгон. 1939-ж. Кызыл Армиянын поляк өнөктүгүнө катышкан. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышында Түштүк фронтунун 34-атчан аскер дивизиясына, 1942-жылдын 18-январынан 5-атчан аскер корпусуна, 1942-жылдын 12-мартынан Түштүк фронттун ыкчам тобуна командачылык кылган. 1942-жылдын апрелинен сентябрь айына чейин Донбасс м-н Түндүк Кавказда коргонуу согуштарын жүргүзгөн 12-армияга, 1942-жылдын сентябрь айынан декабрына чейин Новороссийск ж-а Туапсе багыттарындагы 47- ж-а 18-армияларга, 1943-жылдын январынан октябрына чейин Түн. Кавказды бошотууга катышкан 56-армиянын командачысы, 1943-жылдын 16-октябрынан 15-декабрына чейин Воронеж фронтунун командачысынын орун басары (1943-жылдын 20-октябрынан 1-Украиналык фронт), 1943-ж. 15-декабрдан согуштун акырына чейин Украинаны, Польшаны ж-а Чехословакияны бошотууга катышкан 1-гвардиялык армиянын, 1945–53-ж. Киев аскер округунун командачысы, 1953–57-ж. Германиядагы советтик аскерлер тобунун башкы командачысы, 1957-ж. ноябрдан СССР Коргоо министринин биринчи орун басары ж-а Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, 1960-ж. апрелден СССР Коргоо министринин биринчи орун басары ж-а 1960-жылдын июнунан 1967-жылдын июлуна чейин Варшава Келишимине мүчө өлкөлөрдүн Бириккен Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы, 1967-жылдын 12-апрелинен 1976-жылдын 26-апрелине чейин СССРдин Коргоо министри болуп иштеген. Ал Советтер Союзунун коргонуу жөндөмүн бекемдөөгө чоң салымын кошкон. Чехословакияга советтик аскерлердин киришин (1968), Даманск аралындагы чек ара жаңжалындагы согуштук аракеттерди (1969), Вьетнам ж-а Араб-Израиль согуштарындагы советтик аскер бөлүктөрүнүн ж-а кеңешчилеринин ишин көзөмөлдөп турган. Анын жетекчилиги астында армияны ж-а аскер-деңиз флотун жаңы муундагы аскер техникалары м-н масштабдуу куралдандыруу жүргүзүлүп, ири масштабдагы стратегиялык машыгуулар өткөрүлгөн. Аскер кызматынын мөөнөтү 3 жылдан 2 жылга чейин кыскарган, Прапорщиктер институтунун ордуна прапорщиктер ж-а прапорщиктер институту киргизилген. Ал аскердик билим берүү тутумун өнүктүрүүгө көп көңүл бурган, көптөгөн аскердик окуу жайлары ачылып, окуу бөлүмдөрү, райондук окуу борборлору түзүлгөн. 1952–61-ж. КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1961–73-ж. КПСС БКнын мүчөсү, 1973-жылдын апрелинен КПСС БКнын Саясий Бюросунун мүчөсү. СССР Жогорку Советинин 2-, 4-, 5-, 6-, 7-, 8- ж-а 9-чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган. Ысымы Киев, Крымск, Славянск ж-а Ровенки ш-ндагы көчөлөргө, Москва ш-ндагы проспектилердин бирине, 1976–90-ж. Ленинграддагы аскер-деңиз академиясына берилген. Эки жолу Советтер Союзунун Баатыры катары өзү туулуп-өскөн мекенине эстелиги орнотулуп, анын урматына Куйбышев айылдык мектеби да аталган. Алты Ленин ордени, үч Кызыл Туу ордени, эки 1-даражадагы Суворов, эки 1-даражадагы Кутузов, 2-даражадагы Суворов, 1-даражадагы Богдан Хмельницкий ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.