ГАЙДАМАКТАР
Jump to navigation
Jump to search
(түркчө «каракчы») – украин дыйкан-козголоңчулары. Гайдамак кыймылы 1710-ж. Украинанын оң жээгинде пайда болуп, жергиликтүү ак сөөктөргө (польшалык дворяндар) ж-а католик чиркөөлөрүнө каршы багытталган. Алар еврей калкынын тагдырына терс таасир тийгизген. Гайдамактардын отряды негизинен Днепр аймагынын талааларында өз ээлеринен баш калкалап качкан крепостнойлордон турган. Алардын катарына шаардын кедейлери, украин элинин жакыр мүчөлөрү, төмөнкү православдык диний жетекчилер, Россиядан качып кеткен эски динге ишенгендер, о. эле айрым крест еврейлер кирген. Гайдамактар өздөрүн Б. Хмельницкийдин жолун жолдоочулар деп эсептешип, Россия бийликтеринин ж-а православие чиркөөсүнүн колдоосуна ээ болушкан. Гайдамактар өтүп бара жаткан соодагерлерди, чакан калктуу конуштарды (негизинен ал жакта еврей-ижарачылар жашаган) каракташкан ж-а еврей шаарчаларын тоношкон. Гайдамактардын көтөрүлүштөрүндө (1734, 1750, 1768) анын отряддары бир нече шаарларды басып алышып, еврейлерди кырып салган. Еврей фольклорунун көптөгөн чыгармаларында гайдамактардын мыкаачылыктары чагылдырылган. Ал эми украин фольклорунда ж-а адабияттарында гайдамактар ж-дө кыялданган идеялар камтылган (Т. Шевченко, "Хайдамаки", 1841). Украиналык тарыхнамада гайдамактар улуттук көз карандысыздык үчүн күрөшкөндөр катары каралат.