ГААГА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (1922) — Генуя конференциясынын (1922) чечими б-ча 15-июндан 19-июлга чейин Гаага ш-нда (Нидерланд) өткөн эл аралык финансы-экон. конференция. Ага Генуя конференциясына катышкан (Германиядан башка) 33 мамлекеттин өкүлдөрү чогулган. Конференция капиталисттик мамлекеттердин Совет өлкөсүнө койгон доолорун талкуулап, Советтик Россияга карыз берүү маселесин да карамак болгон. Бирок капиталисттик өлкөлөрдүн өкүлдөрү советтик делегациянын (башчысы М. М. Литвинов) эл аралык кызматташуу ж-дөгү сунушун четке кагып, Советтик Россияга карыз берүүдөн баш тарткан. Алар тескерисинче, чет элдик капиталисттердин Совет бийлиги мамлекеттин карамагына алган жеке менчиктерин ээлерине кайтаруу ж-a падыша өкмөтү м-н Убактылуу өкмөттүн карыздарын төлөө талабын койгои. Советтик делегация империалисттердин мындай адилетсиз талаптарын четке каккан. Гаага конференциясы эч кандай чечимге келген эмес.