АЛЫМКУЛОВА Анара Абдыкуловна
Jump to navigation
Jump to search
(8.03.1971-ж. т.,Нарын обл., Тянь-Шань (азыркы Нарын) р-ну, Казан-Куйган айылы) – биология илимд. доктору (2020). К.И.Скрябин атн. КАЧИни бүтүргөн (1993). Эмгек жолун 1993-ж. КР УИАнын Президиумунун жалпы бөлүмүнүн экспедитору болуп баштаган. Кыргыз Республикасынын УИАнын Биология ин-тутунун аспиранты. 2009-жылдан КР УИАнын Биология ин-Тунда улук ил. кызматкери. А. – зоология, экология ж-а айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы адис. Анын 89 ил. эмгектери, а.и. 5 усулдук сунуш, 6 автордук күбөлүк ж-а 3 монографиясы жарык көргөн. Эмг.: Ысык-Көл ойдуңундагы кемирүүчүлөрдүн түрлөрүнүн курамы ж-а алардын эпизоотологиялык ролу (авторлош). Б., 2020. 132 c. Келгин кемирүүчүлөрдүн түрлөрүнүн Борбордук Азиянын экосистемасына таасири (на примере Rattus norvegicus Berkenhout, 1769). 2021. 319 c.