АЙДАРБЕКОВА Айжана Азаматовна
Jump to navigation
Jump to search
(1973-ж.т., Фрунзк ш.) – медицина илимд. доктору (2008). И. К. Ахунбаев атн. КММИни бүтүргөн (1995). Эмгек жолун И. К. Ахунбаев атн. КММИнин онкология кафедрасында ассистент болуп иштеп баштаган. РМИАда Н.Н.Блохин атн. РОИБда докторант; Б.Н.Ельцин атн. КРСУда доцент, проф.; КРдин саламаттык сактоо министрлигинин ОИБда окумуштуу катчы. КРдин саламаттык сактоосунун отличниги, Баштын ж-а моюндун шишиги б-ча Евроазия коомунун алтын медалы ж-а грамоталар м-н сыйланган. Анын 90дой ил. эмгектери, а.и. 2 монография, 2 окуу китеби, рационалдык сунуштары жарык көргөн. Эмг.: Классификация лимфатических узлов шеи: необходимость перехода на современную классификацию в онкологической практике// Вестник РОНЦ им. Н. Н. Блохина РАМН. -2006.-Т.17, № 3. –С.54-59. (в соавт.). Хирургическая стоматология: учебник. –2-е изд.-Б.,2016-406 с. (соавт.)