АКМАТОВА Эльмира Казакбаевна
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
(1970-ж. т., Бишкек) – биология илимд. доктору (2013), КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйлыгынын лауреаты. КММИни (1995), КМУУну (1995), К. И. Срябин атн. КАЧИни (2009) бүтүргөн. Эмгек жолун В.И. Ленин атн. з-ддо жашылдандыруучу, кадрлар б-ча адис, ар кайсы аптекаларда провизор, аптека башчысы болуп иштеген. Кыргыз мал чарба, ветеринария ж-а жайыт ИИИде эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы; А.Дүйшеев атн. Кыргыз ветеринария ИИИде лабор. башчысы, директордун орун басарынын м.а., директору. Эпизоотология, вирусология, биотехнология илимдери б-ча жетектөөчү окумуштуу. Анын негизги ил. иштери малдын өтө коркунучтуу ооруларынын эпизоотологиялык кырдаалын көзөмөлдөө, аларга каршы күрөшүү б-ча иштелмелерди иштеп чыгуу. КР аймагындагы малдын өтө коркунучтуу жугуштуу ооруларын (канаттуулар тумоосу, кутурма, шарп, бруцеллез) көзөмөлдөө ж-а аларды алдын алуу үчүн мамл. ж-а эл аралык долбоорлорду иштеп чыгууда ил. жетекчи. КРдин а. ч. ж-а билим берүү министрликтеринин ж-а КУАУнун Ардак грамоталары м-н сыйланган. Ил. из. ишмердүүлүгүндө вет. биотехнологияда ийгиликтүү вет. дарыларды даярдагандыгы үчүн КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйлыгына ээ болгон.Анын 130дан ашык ил. эмг., а. и. 1 монография, 2 окуу китеби, 15 сунуштама, 6 окуу-методикалык окуу куралы ж-а ил. макалалардын, 2 патентгин автору, 30 эл аралык сертификаттын ээси. Эмг.: Продовольственная безопасность и питание.–Б., 2014.– 358 с. (в соавт.). Способы культивирования микроорганизмов: учебно-методическое пособие по биотехнологии. – Б., 2015.–15 с. (в соавт.).