АЙТМАТОВ Мураталы Бекматович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(16.12. 1957,  Ош (азыркы Жалал-Абад) обл.,  Жаңы-Жол  (азыркы Аксы) р-ну, Караван  (учурда Кербен ш.) айылы – 2018, Бишкек)  – ветеринария  илимд. доктору (1997),  доцент (1991), проф. милдетин аткаруучу (2010). К. И. Скрябин атн. КАЧИни бүтүргөн  (1980). 1980–81-ж. КАЧИде улук лаборант, Москва ветеринария академиясынын аспиранты (1981–85). 1985–92-ж. КАЧИнин  анатомия ж-а акушерство кафедрасынынын ассистенти, 1992–97-ж. ушул эле ин-тта кафедрада  доцент;  Айыл ж-а суу чарба министирлигинде   а. ч. кеңеши кызматынын директору  (1997–98); 1998–2001-ж.  ошол эле жерде  директордун  орун басары,    2001–02-ж. ушул эле фонддун мененжери; 2002–05-ж. ошол эле  министирликтеги   Кенеш берүү ж-а окутуу борборунун директору,  2005–06-ж. ошол эле жерде башкы тренер. 2006–10-ж.  Ташкенттеги Эл аралык Борб. Азия ж-а Кавказ б-ча а. ч-н изилдөө  мекемеси–ИКАРДда ил. кызматкер; 2010-ж-дан КУАУнун проф.  милдетин  аткаруучу ж-а биомаданий борборунун жетекчиси.  Анын  123дөн ашык    ил. эмг.  а. и. 94  методикалык ж-а практикалык сунуштар, 1 монография, 3  анатомия ж-а жалпы биология б-ча терминдердин сөздүгү, 4 ил. китептер, 9 брошюра ж-а   2 патенти    жарык көргөн.    Эмг.: Новые в экологии и безопасности жизнедеятельности. Санкт-П.,  1999, т. 1; Ветеринарные лекарственные вещества и их применение. – Б.: 2003.