АМАРАНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ш и р и ц а   (Amarantus) –   өсүмдүктөрдүн  амаранттар  тукумунун уруусу.  Негизинен бир жылдык чөп.  Жалбырагы кезектешип жайгашат, жумуртка сымал же сүйрү. Гүлү демейде, бир жыныстуу, гүл жандагычы редукциланган, татаал топ гүлгө чогулган. Мөмөсү–майда жаңгакча.  А-тын 60тай түрү дүйнөнүн жылуу ж-а мелүүн алкактарында  таралган. А. АКШнын түш.-батышы ж-а Мексикада өтө көп  түрдүү.    Көбүнчө  кызыл А., куйруктуу А. же түлкү куйрук  айдоолордо кезигет  ж-а кээ бир түрүн байыркы заманда  Борб. ж-а Түш. Америкада  дан өсүмдүгү катары  (уругу белокко бай) өстүрүлүп, индейцтердин негизги азыгы болуп эсептелген ж-а религиялык шаан-шөкөттөрдө  маанилүү ролдо болгон.  А-тын   уругунун азыктуулугу жогору ж-а өстүрүлүшү жөнөкөй болгондуктан  дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө өстүрүлөт.  Кээ бир түрү, мис., көгүш А. ж-а  үч түстүү А.  Түш. ж-а Чыгыш Азияда  жалбырактуу жашылча өсүмдүгү,  о. эле,  А-тын көпчүлүк чоң, ачык түстүү  гүлдүү сорттору  кооз  өсүмдүк  катары  өстүрүлөт.     (сүрөтү бар)