АДДИСОН ООРУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (коло оорусу)  – бөйрөк үстүндөгү  бездин кыртышынын эки жактуу бузулушу, анда  гормондордун синтезеделиши төмөндөйт же  толук токтойт. Бул ооруну англ. врач  Т. Аддисон   бөйрөк үстүндөгү бездин  алгачкы өнөкөт жетишсиздиги катары  1855-ж. толук  сыпаттаган.  Эгерде бөйрөк  үстүндөгү бездин кыртышы   патол. процесстин  кесепетинен 90%ке  жабыркаса,  клиникалык  жактан  байкалат.  Мурдагы учурда туберкулез  А. о-нун  негизги (оорунун 80% учуру) себеби болуп  эсептелген. Бөйрөк үстүндөгү  бездин кыртышынын эки жактуу бузулушунун  башка патол. процесстери (бластомикоз, амилоидоз, гистоплазмоз,  гемохроматоз ж. б. )  өнөкөт жетишсиздигинин себеби болуп эсептелет.  А. о. көбүнчө (50%)   бөйрөк үстүндөгү   бездин  алгачкы же идиопатиялык  атрофиясынын кесепетинен болот.  Бөйрөк үстүндөгү бездин  функциялык клеткаларынын даана атрофиясында лимфоиддик  инфильтрация  ж-а  фиброза тканынын  массасынын чоңоюушу  байкалат.  Бул учурда  бөйрөк үстүндөгү  бездин  негизги  (мозговой)  катмары жабыркабайт.  


А.о-нда оорулуунун булчуң иши начарлайт, табити бузулат, арыктайт, териси гиперпигментацияга учурайт (оорулуулардын 90%инде, ошондон улам экинчи аталышы–коло оорусу). О. эле, артериялык гипотензия, гиперкалиемия, гипонатриемия, бир аз ацидоз ж-а азотемия ж. б. мүнөздүү. А. о. м-н жабыркагандар кортикостероиддерди, тузду (натрий хлоридин) ж-а аскорбин к-тасын такай колдонушу керек. Оорунун эрте диагнозу ж-а адекватту терапия жакшы жардам берет.