АНОА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
  (bubalus depressicornis) –  кепшөөчүлөр түркүмчөсүнүн  көңдөй мүйүздүүлөр  тукумундагы сүт эмүүчү, кээде  өзүнчө    урууга киргизет.  Азыркы жапайы букалардын эң кичинеси;  дене уз. 100-170 см,  өркөчүнөн бийикт. 62-100 см, салм. 150-300 кг . Мүйүзү кыска, түз, кесилишинде үч бурч,  жогору же  артын көздөй кайрылат. Түсү кочкул-күрөң, тумшугунун  үстүндө, тамагында ж-а  бутунда ак тактары бар; музоосу калың саргыч-күрөң  жүн м-н капталган. Сулавеси а-н  гана  мекендейт, демейде саздуу токойдо ж-а  калың бадал арсында жайшайт;  антрпогендик ландшафтка кирбейт. Жалгыз же жубу м-н жашайт. Жер бетиндеги ж-а суу өсүмдүктөрү,  мөмөлөр    м-н азыктанат.  Жалгыздан, кээде эгиз  тууйт.  Жергиликтүү эл эти ж-а териси ( ритуалдык кийим даярдоого)  үчүн  өтө аңчылык кылгандыктан саны азайып кеткен.  ТКЭСтин (МСОП)   кызыл китебине катталган.  (сүрөтү бар, БРЭ 2 том,13-бет).