АКЧАКАЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Ахча-Кая, Акжакая) – Түркмөнстандагы туюк ойдуң. Кара-Кум чөлүнүн түн.-батышында Сары-Камыш ойдуңунан түштүгүрөөк жерде  жайгашкан. Уз. 50 кмдей, туурасы 6 км, салыштырмалуу тереңдиги 200 м. Дүйнөлүк океандын деңгээлинен –81 м (Азиядагы эң терең) төмөн жаткан ойдуң. Аттын такасындай формага ээ. Ойдуңдун капталы бийик жарлуу. Алгач советтик окумуштуу географ  Э. М. Мырзаев тарабынан изилденген.