АКАБА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Эль-Акаба) – Иорданиянын түш.-батышындагы шаар. Эль-Акаба мухафазасынын адм. борбору. Калкы 100,7 миң (2003). Кызыл деңиздеги Акаба булуңунун жээгинде жайгашкан. Порт (жыл сайын 20 млн т) жүк ташылат. Эл аралык аэропорту бар. Т. ж. бекети. Соломон падышачылыгынын убагынан бери маанилүү шаар катары (Элат деген ат     м-н) белгилүү. Эдома (Идумен) байыркы өлкө Палестинадан түштүктө жайгашкан. Римдиктердин тушунда Элана аскерий шаарчасы, византиялыктардын мезгилинде (4-к.) епископтордун резиденциясы болгон. Шаар 7-к-дан Мекеге зыяратка баргандардын жолундагы  токтоп өтүүчү маанилүү жай. 20-к-дын башынан жолдор тоому маанисин жогото баштаган. Экономикасы 1980-жылдан тездик м-н өнүгө баштады. Шаар Ирактан импорттолгон товарларды кабыл алган негизги порт. Бул БУУ санкция киргизгенге чейин (1991) уланган. 2000-жылдан атайын экон. зона. Курорт.