АКАНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 акантус (гр. ἄκανθο – характер) – коринфтиктердин ж-а курама борборлордун, модулдардын, акротериялардын кооздуктарынын мүнөздүү үлгүсү. Акант оймо-чиймеси фриз ж-а карниз декоруна да мүнөздүү. Жер Ортолук деңизинде өскөн акантус тукумундагы акант чөбүнө окшоштук м-н аталган. Анын жалбырактарынын формасы, бир нече курч учтары м-н сүрөт тартууга негиз болгон. Мотив байыркы искусстводон келип чыккан. Стилдештирилген түрдө ал грек, рим ж-а византия архитектурасында ж-а искусствосунда кеңири орун алган. Өзүнүн жашоосу учурунда А. оймо-чиймелердин элементи катары көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болгон, айрыкча орто кылымдарда ж-а жаңы убакытта акантус активдүү өзгөргөн. Акантустун бир нече түрлөрү бар: Рим, Грек, Византия-Роман, Готика ж-а Ренессанстын акант тармалдары.