АЛЬБОМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(фр. album – ак таблица, тизмек) –  сүрөт тартуу, марка чаптоо, фотосүрөттөрдү сактоо, ырларды көчүрүп жазуу ж. б. максаттар үчүн колдонулуучу таза барактуу китеп же дептер (мис., үй-бүлөлүк альбом); көп учурларда түшүндүрмө жазуу м-н коштолуп, китеп түрүндө басылып чыккан репродукция, фотосүрөт, чиймелердин жыйнагы. Учурда заманбап технологиялык каражаттардын өнүгүүсүнүн натыйжасында мобилдик телефондон же компьютердин жардамы м-н да ар түрдүү А.-дук баракчаларды жасаса болот.