АЙТЫМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– байыркы кезде ыр деген сөздүн ордуна колдонулган. Азыр да кытайлык кыргыздар көбүнчө ыр дебей айтым дейт, мис., эмгек А-ы, эм-дом А-ы ж. б.  «Айт» деген буйрук этиштен келип чыккандай.  Уйкаштыгы катуу сакталбаган, эркин, кара сөзгө жакын, элдик ырым-жырымдарга байланышкан чыгармалар. Мис., «Нооруз айтымы» дегенди окуп көрөлү:  Быйыл кар калың түштү, Кыш оор келди, Бирок Теңирим жалгап, Калкыбыз кыштан аман чыкты. Кысырек жалдуу калды, Кыз эмчектүү калды, Боз улан богоктуу калды...Боз токту куйруктуу калды... Эми минтип кыш кетти. Кош бол, кышым!Жаз келди. Арыба жазым! Жаңы жыл кирди. Куш келипсиң, жаңы жыл! Ылайым, баарыбызга бактылуу жыл бол,Токчулуктун жылы бол, Барчылыктын жылы бол, О-о-мийин!