АДАПТАЦИЯЛАНГАН ТЕКСТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– айрым даярдыгы жок окурмандарга ж-а жаш балдарга арналган адабий чыгарманын жеңилдетилген түрү. Мындай адабий тексттерди даярдоо чоң чеберчиликти, мазмунуна терең сүңгүп кирүүнү ж-а автордун стилин сактоону талап кылат. А. т. көбүнчө чет тилдерди үйрөнүүдө колдонулат. Мындай учурда текст көбүнчө кыскартылып, сүйлөмдүн түзүлүшү жөнөкөйлөтүлөт. Сейрек колдонулган сөздөр ж-а фразалар жөнөкөй сөздөр м-н алмаштырылып түшүндүрүлөт.


Аза кечүү Эне-Бейиттин жолун кадыресе арбытып койду. Күн чоң шашке болуп, ошол жеткен ордуна туруп алгансыйт. Бирде саатын, бирде күндү, бирде алдыда керилип ою жаткан жайыкты карап коюп, Бороондуу Эдигей жол жүрүш ойдогудай эле баратканын өзүнчө белгилейт. Жанагыдай эле буурасы маң-маң желип, өзү алдыда, анын соңунан прицеп тарткан трактор келет, анын соңунан дөңгөлөктүү эксковатор «Беларусь» коңузча күжүңдөп калбай келет. Жолборс болсо тилин салаңдатып желе-жорто капталда.