АДАБИЙ ИЙРИМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 белгилүү бир предметке кызыккан окуучулар бирикмеси. Ага балдар ыктыярдуу түрдө тартылат. Туруктуу мүчөлөрү, төрагасы, катчысы же ийримдин кеңеши болот да, алар уюштуруу иштерин жүргүзөт. Ийримдин жетекчиси жылдык же жарым жылдык план түзүп, ал демократиялуу түрдө талкууланып бекитилет. Класска карап, адабий ийримдин түрлөрү (темалары) белгиленет. 1. Көркөм окуу ийрими А. и-дин жөнөкөй түрү. Көбүнчө төмөнкү класстарга ылайыктуу. Мында кыргыздын оозеки кеп маданиятына, көркөм окууга үйрөнөт, окурмандык өнөрдү калыптоо милдети коюлат да, ар түрдүү тектеги, жанрдагы, ар кыл формадагы көркөм тексттерди көрктүү, кырааты м-н келтирип окуп машыгат, “Манас” ж. б. дастандарды, кыргыздын лирикалык ырларын аткарып үйрөнөт, артисттердин аткаруусундагы грамжазууларды угат ж-а талдайт. Көркөм окуган балдардын байгелери өткөрүлөт. Ийримдин мүчөлөрү ар кандай кечелерде, жолугушууларда көрктүү окуп, эл алдына чыгат. 2. Драмалык ийрим. Мунун негизги максаты – драмалык чыгармаларды сахнага коюуга даярдоо. Ийримдин сабагы адегенде пьесаны окуу м-н башталып, анан ошол текст талдоого алынган соң ролдор бөлүштүрүлөт. Ошондон кийин гана сахнага алып чыгуунун жолдору, ыкмалары үйрөнүлөт. Ийримдин катышуучулары эне тилинде сүйлөөнүн образдуулугун, көркөмдүгүн, эмоциялуулугун, орфоэпиялык тууралыгын билип чыгууга тийиш. Негизги иштери – театрдан спектаклдерди көрүп, пикир айтуу, артисттер м-н жолугушууларды уюштуруу, театр сынчыларынын макалаларын талкуулоо. Ийримдин ишинин жыйынтыгы, натыйжасы спектакль жаратуу м-н белгиленет. Адабият м-н театр өнөрүнүн негиздерине, жол-жоболоруна таянып иш жүргүзөт. 3. Адабий чыг-лык ийрим. Мында көркөм чыгарма жазуунун “сырларын” үйрөнүүгө болот. Ырас, таланттуу төрөлбөсөң, тубаса шыгың болбосо, чыгарма жаза албайсың, бирок канчалык талантың болсо да, жазуу ыкмаларың, оюңду кагазга түшүрүү маданиятың болбосо, анда талпынганың бош кетет. Чыг-лык ийрим (көбүнчө А. и. делет) таланттуу балдар үчүн арналат. Анда адабият теориясынын негиздери, адабий чыгармаларды талдоонун принциптери, адабияттын тарыхына байланыштуу маселелер үйрөтүлөт, жазуучулардын кандай иштегендиги, чыгармалардын жазылыш тарыхы, варианттары, кыскасы чыг-лык өнөркана анализденет, ар кыл тектеги, жанрдагы көркөм чыгармалар талданат, жаш талапкерлер өздөрү чыгармаларды жазып көрөт, биринин жазганын бири же жамаатташып талкууга алат. Акын-жазуучулар м-н жолугушууларды өткөрөт. 4. А. и. Мында негизги көңүл программадан тышкаркы чыгармаларды окуп, үйрөнүүгө бурулат. Мындай ийримдеги иштин башкы формасы – доклад жасоо ж-а ошол докладга кошумча пикирлер айтуу, талкуулоо. Аларда бир жазуучунун чыгармасы же белгилүү мезгилдин адабий процесси талданышы мүмкүн. Адабий жаңылыктар ж-дө сөз кылуу, жаңы чыккан китептерди талкуулап, авторлор м-н жолугушууларды өткөрүп туруу бул ийримдин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Булардан башка да жомокчулар, манасчылар, котормочулар, фольклор жыйноочулар сыяктуу ийримдердин формаларын уюштурууга болот ж-а ушундай түрлөрү кыргыз мектептеринде жашап жатат. А. и-дердин башкы максаты – жаштардын образдуу ой жүгүртүүсүн, көркөм табитин өстүрүү, рухий маданиятын, адабиятты түшүнүү деңгээлин көтөрүү, эне тилин сүйө билүүгө үйрөтүү. Ар бир ийримдин өзүнчө же баарынын бириктирилген органы – дубал гезити же колжазма журналы болот, мүмкүн болсо мектеп радио аркылуу атайын берүүлөрдү уюштуруп туруусу керек.