АГУЛЬ ТИЛИ
Jump to navigation
Jump to search
– агулдардын тили. Лезгин тилине (чыгыш-лезгин топчосуна) кирет. Дагестандын Агуль, Курах р-ндорунда, Азербайжан, Россия Федерациясынын айрым аймактарында тараган. 1990-ж. 10-августта тпинг диалектисинин базасында орус алфавитинин негизинде А. т. алфавити кабыл алынган. Ага чейин А. т. күнүмдүк пикир алмашуунун тили катары колдонулган. А. т. биринчи Букварь 1992-ж. басылып чыккан. Негизги 3 диалектиси бар: агуль (тпиг – Агуль р-нунун Тпиг борборунун аталышы, адабий тилдин негизин түзөт), керен ж-а кошан. Кошан диалектисин башка диалектиде сүйлөөчүлөр түшүнүшү кыйын. Үндүүлөр системасында 5–6 фонема бар: i, ü, u, e, ä, a; чыгыш жөндөмөсүнүн 8 түрү кездешет. Род категориясы жок.