АВАНТЮРАЛЫК АДАБИЯТ
Jump to navigation
Jump to search
(фр. – жорук-жосун) – чыгармадагы каармандардын күтүлбөгөндөй, таң каларлык жорук-жосундарын, алар башынан кечирген укмуштуу окуяларды, курч кырдаалдарды баяндаган чыгарма. Көбүнчө ойдон чыгарылган сюжеттер, кыялдан токулган сюжеттер, уламыштык мотивдер кеңири пайдаланылат. Орто кылымдагы рыцарлардын жоруктары, соодагерлердин ар кыл эл-жерлерге саякаттары сыяктуу окуялар сүрөттөлгөн авантюралык романдар дүйнөлүк адабиятта көп кылымдар бою кызыгуу м-н кабыл алынып келүүдө.