БАДЫРАҢ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:13, 4 Август (Баш оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Cucumis sativus) ‒ өсүмдүктөрдүн  ашкабактар тукумундагы бир же көп жылдык жашылча. Өзөк тамырлуу (1 мдей), сабагы (1‒2 м) жерге төшөлүп же оролуп өсөт. Жалбырагы жазы, беш бурчтуу, учтуу; кезектешип жайгашат. Гүлү   коӊгуроо сымал, өӊү сары. Негизинен бир үйлүү, айрым жыныстуу өсүмдүк. Мөмөсү сүйрү, көп (100‒400) уруктуу. Анын 30дай түрү не
БАДЫРАҢ109.png

гизинен Африкада, айрым түрү Азияда кезигет. Ал жарык, нымдуу, жылуу жерде жакшы өсөт. Эгилме Б. Индиядан таралган. Бардык жерде өстүрүлөт. Жаӊы кезинде, туздалган, маринаддалган түрдө желет. Курамында суу, кургак зат, а. и. кант, белок, май, клетчатка, С, В1, В2 витаминдери, орг. к-та, эфир майы ж. б. болот. Жылытылмада (теплицада) да өстүрүлөт. Кыргызстанда Түшүмдүү-86, Назик, Берешен-118, Жеӊүүчү ж. б. сорттору эгилет. Зыянкечтери: бадыраӊ желелеме кенеси, бадыраӊ бити. Илдеттери: бактериоз, чаӊгыл кебер, ак чирик, антракноз.