АЮ ЧАЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:40, 4 Август (Баш оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (Prangos pabularia) ‒ өсүмдүктөрдүн чатырдуулар тукумунун шашырлар (Prangos) уруусунун бир түрү, көп жылдык чөп. Өзөк тамырлуу, узун негизги тамыры бир нече жылда 2 мге чейин жетет. Сабагы тик, бийикт. 60‒175 см, бутактуу. Тамырлаш жалбырактары көп, чоӊ, ичке бөлүктөргө бөлүнгөн. Топ гүлү 10‒20 нурдуу чатырча. Мөмөсү кош урук, быржыктуу, жээги жаргакчалуу. Жер Ортолук деӊиз аймагында, Батыш, Орто, Борб. Азияда ж-а Гималайда 35ке жакын түрү өсөт. Кургаган жалбырактары малга тоют. Кыргызстандын Чаткал, Фергана, А-Ойнок кырка тоолорунда кеӊири таралган. Жерг. эл тамырынын кайнатмасы м-н мал котурун дарылашат. А.ч-тын мите кенелерди өлтүрө тургандыгы ил. жактан далилденен.

К. Т. Тургунбаев.